13 сентябрь 2025
Кароолор: 27
2025-жылдын 12-сентябрында Кадамжай районунда коомдук тартипти жана тынчтыкты камсыздоо боюнча рейд жүргүзүлдү

Кадамжай районунун Үч-Коргон жана Масалиев айыл өкмөттөрүндө элдин тынчтыгын сактоо жана коомдук тартипти камсыздоо максатында профилактикалык иштер өткөрүлдү.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын буйругун аткаруу алкагында Кадамжай РИИБ кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду кызматкерлерине мыйзамдын талаптары түшүндүрүлүп, жаш курак жана коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгы белгиленди.
Мыйзамды бузган учурлар катталса, тиешелүү чаралар көрүлөрү маалымдалды.