13 январь 2026

Кароолор: 5

2025-жылдын 13-январында “Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмеси тарабынан “Жигердүү жаш жаран” аталышындагы диалог-форум уюштурулуп, өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М. Айтматов, “Тынчтык демилгелери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жаштар катышты.

Долбоордун негизги максаты жаштардын психикалык ден соолугун чыңдоо, жеке же жамааттык келишпестиктерден кийинки травмаларга байланыштуу тоскоолдуктарды жоюу аркылуу алардын лидерлик сапаттарын жана жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Диалог-форумдун жүрүшүндө рэкетчилик (буллинг) көрүнүштөрүн, эрте никеге турууну жана жаштар арасындагы социалдык коркунучтарды алдын алуу маселелери талкууланды. Катышуучулар тарабынан бул багытта алдын алуу иштерин күчөтүү, түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүү, ата-энелер, билим берүү мекемелери жана жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташууну камсыз кылуу боюнча сунуштар айтылып, активдүү диалог түзүлдү.