23 май 2025
Кароолор: 10
2025-жылдын 22- майында райондук саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Жыйында коомдук тамактануу обьектилеринин 2025- жылдын жазгы жана жайкы мезгилге даярдыгы, кургак учук оорусунун таркалышын алдын алуу, эненин жана баланын ден соолугун коргоо маселеси талкууланды.
Отурумдун жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулуп, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында, илдеттердин жайылышына жол бербөө, профилактикалык иштерди күчөтүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.