26 декабрь 2025

Кароолор: 2

2025-жылдын 26-декабрында Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү №115 Кесиптик лицейде жыйын өткөрүлдү.

Жыйын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги астында өткөрүлдү.

Иш-чарага №115 Кесиптик лицейдин жетекчилиги, мугалимдер жамааты, ата-энелер ошондой эле райондук ички иштер бөлүмү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү (ГАИ) жана аксакалдар сотунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө лицейдеги билим берүү процессинин абалы, окуучулардын тарбиясы, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү маселелери жана ата-энелер менен кызматташууну күчөтүү боюнча пикир алмашуулар болду.

Жыйынтыгында бир катар сунуштар айтылып, алдыдагы иштер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.