26 февраль 2025
Кароолор: 88
2025-жылдын 26-февралында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда райондун өнүктүрүү фондунун байкоочу

2025-жылдын 26-февралында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда райондун өнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешинин отуруму болуп өтүп, 2025-жылга карата 47 млн 711 миң 600 сомдук 18 долбоорлор каржылоого бекитилип берилди, анын ичинен социалдык долбоор 12, экономикалык долбоор 6. Аталган долбоорлор жыл ичинде ишке ашырылып, пайдаланууга берилет.
Эске салсак райондун өнүктүрүү фонду 2024-жыл ичинде 54 млн 289 миң 473 сомдук 38 долбоорду каржылады, бүгүнкү күндө аталган долбоорлор толугу менен бүтүп колдонууга берилди.