26 сентябрь 2025
Кароолор: 19
2025-жылдын 26-сентябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу жетекчилиги астында жыйын болуп өттү.

Жыйынга айыл өкмөт башчылары, тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилер, жер адистери катышып, төмөнкү маселелер каралды:
• Жер мунапыс маселеси;
• Мыйзамсыз курулуштар;
• Таза суу менен камсыздоо маселелери жана аткарылып жаткан иштердин жүрүшү.
Аким Б.Баяке уулу ар бир маселе боюнча тиешелүү адистерди угуп, маселелерди чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, мыйзамдуулукту бекем сактоо, мыйзамсыз иштерге жол бербөө жана калкты таза суу менен камсыз кылуу — бул жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги экенин айтып, бул багытта ишти күчөтүүнү тапшырды.