29 апрель 2025

Кароолор: 17

2025-жылдын 29-апрелинде Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө "ЖАҢЫ МУУН – ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК, ТАЗА МУУН – КООПСУЗ КЕЛЕЧЕК" аталышындагы форум болуп өттү.

Форум Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмү жана Райондук билим берүү бөлүмүнүн биргелешкен аракеттери менен уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – жаштарда зомбулуктун, экстремизмдин, баңгиликтин алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу.

Форум жаштардын мотивациясын жогорулатууга, коомдун коопсуздугу жана бакубаттуулугу маселелери боюнча активдүү жарандык позицияны өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.