31 август 2025

Кароолор: 17

2025-жылдын 30-август күнү, 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, райондо чоң масштабдагы ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке район аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери ошондой эле жергиликтүү жашоочулар активдүү катышышты. Иш-чаранын алкагында көчөлөр, коомдук жайлар, парктар, эс алуу бакчалары жана жол жээгиндеги тилкелер иретке келтирилип, тазалоо жана көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлдү.

Бул ишембилик – Эгемендүүлүк күнүн таза, жаркын жана патриоттук маанайда тосуп алуу менен катар эле, коомдук биримдикти чыңдоого жана жарандык жоопкерчилик сезимин арттырууга багытталган.

Жалпы ишембиликтин жүрүшүндө аймак тазаланып, көрктөндүрүлдү. Бул коомдук иш чара район тургундарынын ынтымагын жана коомдук тартипке болгон жоопкерчилигин дагы бир жолу жогорку деңгээлде экенин көрсөттү.