09 сентябрь 2025
Кароолор: 13
2025-жылдын 9-сентябрында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында жыйын болуп өттү.

Жыйынга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышып, төмөнкү негизги маселелер талкууланды:
1. Жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын кароо жана ыкчам чара көрүү — Калктын кайрылууларын кабыл алуу, жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана маселелерди жеринде чечүү жагы каралды.
2. Камсыздандыруу маселеси — Камсыздандыруу жаатында маалымат берүү иштерин активдештирүү, калкка жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин уюштуруу.
3. Күз-кыш мезгилине карата даярдык — Алдыдагы суук мезгилге даярдык көрүү боюнча жылуулук, көмүр, электр энергиясы жана инфраструктуралык маселелер каралып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Айрыкча социалдык объектилердин – мектептердин, бала бакчалардын жана ооруканалардын күз-кыш мезгилине толук даяр болушу баса белгиленди.
Жыйындын соңунда аким Б.Баяке уулу бардык тиешелүү тараптарга жогорудагы маселелер боюнча так пландарды иштеп чыгып, өз убагында аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.