20 июнь 2025

Кароолор: 25

2025-жылга карата электр энергиясына каралган тарифтер тууралуу маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2025-жылдан тартып электр энергиясына төмөнкүдөй тарифтер колдонулат:

Калк үчүн:

• Айына 700 кВт.с чейин – 1,37 сом/кВт.с;

• Айына 700 кВт.с ашкан учурда – 2,60 сом/кВт.с.

Муну менен катар төмөнкү категориядагы жарандар үчүн жеңилдетилген тарифтер каралган:

• Бийик тоолуу жана алыскы жетүү кыйын аймактарда жашагандар үчүн – 1,37 сом/кВт.с (чектөөсүз);

• "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн:

o 700 кВт.с чейин – 0,50 сом/кВт.с;

o 700 кВт.с ашкан учурда – 2,60 сом/кВт.с.

• Калк үчүн чектөөсүз – 3,81 сом/кВт.с.

Башка керектөөчүлөр үчүн:

• Социалдык жана коомдук керектөөчүлөр – 2,62 сом/кВт.с;

• Электр мобилдерди кубаттоо станциялары – 5,31 сом/кВт.с;

• Өнөр жай керектөөчүлөр – 3,34 сом/кВт.с;

• Коммерциялык керектөөчүлөр – 3,96 сом/кВт.с;

• Бюджеттик мекемелер – 4,09 сом/кВт.с;

• Энергияны көп керектөөчү ишканалар – 6,06 сом/кВт.с.

Бул тарифтер энергияны үнөмдүү пайдаланууга өбөлгө түзүп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатын көздөйт.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы акимдин буйругу менен 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине дарядык көрүү максатында шаарлардын мэрлерине жана өкмөт башчыларга тиешелүү тапшырмалар берилди.

Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн катуу отундарды азыртадан камдоого чакырат.