10 сентябрь 2026
Кароолор: 9
2026-жылдын 10-сентябрында Кадамжай районунда “ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ - ӨНҮККӨН ӨЛКӨ” УЛУТТУК ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМУ өткөрүлдү.

Форумга Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башысы-акимдин орун басары М.Айтматов, Баткен областык билим беруу усулдук борборунун директору Т.Эрматов, райондун мугалимдерди жана мектеп директорлорун, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана кесиптик лицейлердин кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Форумдун максаты - мектептик билим берүү системасын жаңылоонун жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн маанилүү этабында жетишилген жыйынтыктарды жана алдыдагы пландарды талкуулоо.
форум куттуктоо сөзү менен башталып, бардык агартуучуларды жаңы 2026-2027-окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Ал жыл сайын август айында агартуучулардын башын бириктирип, учурдагы абалга баа берип, жаңы окуу жылына багыттарды аныктоо жакшы салтка айланганын белгиленип 2025-2026-жылдардын жыйынтыгы менен мыктылар сыйланды.
“Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы”, - деген ал, жасалма интеллектти окутууга киргизүү, жекелештирилген билим берүү жана 12 жылдык билим берүү системасынын экинчи этабына өтүү бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы.
Форумдун иши панелдик дискуссия менен уланып, анын алкагында стратегиялык чечимдер тобу «Жаңы окуу жылына карата чечимдер» темасы талкууланды.
Эки күнгө созулган Улуттук педагогикалык форумдун программасында билим берүүнүн актуалдуу маселелерине арналган панелдик дискуссиялар жана секциялык жыйындар каралган.