11 июнь 2026
Кароолор: 7
2026-жылдын 12-июнь күнү Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйү алдында бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлөт.

Жарманкеде ар түрдүү мекеме-ишканалар тарабынан сунушталган бош жумуш орундар менен таанышып, иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк аласыздар.
Иш-чаранын алкагында:
Келечектүү кесиптер тууралуу маалыматтар;
Кыска мөөнөттүү окуу курстары боюнча тааныштыруу;
Бош жумуш орундар жарманкеси;
Мастер-класстар;
Кесиптик окутуу борборлорунун көргөзмөлөрү;
Концерттик программа уюштурулат.
Өткөрүлүүчү жайы: Жолдошбек Мамажанов атындагы маданият үйүнүн алды
Күнү: 12-июнь, 2026-жыл
Убактысы: 9:00
Бардык жумуш издеген жарандарды, бүтүрүүчүлөрдү жана жаңы кесиптик мүмкүнчүлүктөргө кызыккан тургундарды жарманкеге активдүү катышууга чакырабыз!