12 сентябрь 2026
Кароолор: 8
2026-жылдын 12-сентябрында Кадамжай районунда тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча ишембилик өткөрүлдү

Ишембиликтин негизги максаты — район аймагын санитардык жактан тазалоо, көчөлөрдүн, унаа жолдорунун жээктеринин тазалыгын камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү болуп саналат.
Ишембиликке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында район аймагындагы негизги жолдордун жээктери, көчөлөр, коомдук жайлар, арыктар тазаланып, жол боюндагы жана көчөлөрдөгү таштандылар жыйналып, куураган дарактар жана айлана-чөйрөнүн көркүнө терс таасирин тийгизген башка калдыктар тазаланып, санитардык абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Мындай ишембиликтер район аймагын таза жана иреттүү кармоого, жашылдандырууга жана калк үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган.
Тазалык ар бир үйдөн, ар бир көчөдөн башталат. Туулган жерибиздин көркүн сактоо — баарыбыздын жоопкерчилигибиз