14 январь 2026

Кароолор: 4

2026-жылдын 14-январында Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында элдик жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулу, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундарын кызыктырган социалдык-экономикалык маселелер, инфраструктураны өнүктүрүү, калкты тейлөө сапатын жакшыртуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү боюнча маселелер талкууланды.