15 сентябрь 2026

Кароолор: 5

2026-жылдын 15-сентябрында Кадамжай районундагы жалпы билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылынын башталышына арналган Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү.

Майрамдык салтанаттарда окуучуларга, мугалимдерге жана ата-энелерге жаңы окуу жылына карата ак жол каалоолор айтылып, билим берүүнүн коомдогу маанилүү орду белгиленди.

Билим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин орун басары М. Айтматов катышты.

Расмий өкүлдөр Кадамжай шаарындагы №86 Кара-Жантак жалпы билим берүү мектебинде өткөн Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейкага катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты.

Кадамжай районунун аймагында жаңы окуу жылына карата жалпысынан 95 билим берүү мекемеси өз ишмердигин баштады. Алардын ичинен 87 мамлекеттик, 5 жеке менчик жалпы билим берүү мекемеси жана 3 кесиптик лицей болуп саналат.

Жаңы окуу жылында район боюнча жалпысынан 52 396 окуучу билим алууну улантууда. Алардын ичинен 5 179 бала биринчи класска кабыл алынып, мектеп босогосун алгач ирет аттады.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жалпы билим берүү мекемелеринин эмгек жамааттарына, окуучуларга жана ата-энелерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана жаңы окуу жылында жогорку жетишкендиктерди каалайт.