15 январь 2026
Кароолор: 13
2026-жылдын 15-январында Кадамжай районунун Орозбеков айылында элдик жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким
Б.Баяке уулу, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланышкан маселелер, жергиликтүү калкты түйшөлткөн көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.