16 май 2026
Кароолор: 3
2026-жылдын 16-майында Кадамжай районунун аймагында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке мекеме-ишкана жетекчилери, кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө көчөлөр, коомдук жайлар, арык-каналдар тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар аймактын тазалыгын сактоого, экологиялык маданиятты жогорулатууга жана тургундардын ынтымагын бекемдөөгө чоң салым кошот.