16 январь 2026

Кароолор: 5

2026-жылдын 16-январында Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында элдик жыйын өткөрүлдү.

Жыйын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги алдында өтүп, иш-чарага Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Уч-Коргон айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Элдик жыйында айыл аймагындагы коомдук тартипти сактоо, коопсуздук маселелери, жергиликтүү калкты кызыктырган социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Катышуучулар тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, тиешелүү жетекчилерге милдеттер коюлду.