17 февраль 2026

Кароолор: 4

2026-жылдын 17-февралында Кадамжай районунда “IDem” долбоорунун алкагында «Кыргыз Республикасында балдар жана жаштардын менталдык саламаттыгына психосоциалдык жардам көрсөтүү: тажрыйбалар жана учурдагы чакырыктар» аттуу улуттук конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо тармактарынын адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аялдар кеңеши, ардагерлр кеңеши, айыл башчылар жана жаштар катышты.

Конференциянын максаты — балдардын жана жаштардын менталдык саламаттыгын чыңдоо, психосоциалдык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле бул багыттагы актуалдуу маселелерди талкуулоо болду.

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү Адылова Нуржан Озубековна, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Таев Бекжан, Саламаттык сактоо тармагынын адиси Нурали кызы Анархан, билим берүү тармагынын өкүлү Аматов Советбек Маширапович жана Баткен облустук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлү Омошева Уулкыз Исаковна баяндама жасап, балдар жана жаштар арасында психикалык саламаттыкты сактоо, алдын алуу жана психосоциалдык колдоо көрсөтүү маселелерине токтолушту.

Иш-чаранын алкагында район аймагында уюштурулган спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү сыйланып, аларга дипломдор жана белектер тапшырылды. Бул сыйлоо аземи жаштарды сергек жашоого үндөп, алардын коомдук активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.