18 апрель 2026

Кароолор: 6

2026-жылдын 18-апрелинде Кадамжай районунда жалпы республикалык ишембилик жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлүүдө.

Ишембилик “Тазалык сенден жана менден башталат. Тазалык – ыймандын жарымы!” деген ураандын алдында өтүп, район аймагында кеңири тазалоо жана көрктөндүрүү иштери аткарылды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган №265-т тескемеге ылайык, район аймагында жашылдандыруу көрктөндүрүү иштери активдүү жүрүүдө.

Мындан тышкары, Дугаба эс алуу жайында ишембилик өткөрүлүп, Үч-Коргон токой чарбасынын кызматкери активдүү катышты. Иш-чаранын алкагында аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында Тянь-Шань карагайы көчөттөрү отургузулууда. Ошону менен катар туристтик жол жээктериндеги аймактарга да өзгөчө көңүл бурулуп, бул жерлерди жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул демилгелер жаратылышты коргоо, экологиялык абалды жакшыртуу, токой фондун көбөйтүү жана туристтер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытындагы маанилүү иштердин бири болуп саналат.