18 август 2026
Кароолор: 4
2026-жылдын 18-августунда Кадамжай шаарында айыл чарба жарманкеси өтүп жатат.

2026-жылдын 18-августунда Кадамжай шаарында айыл чарба жарманкеси өтүп жатат.
Жарманкеге жергиликтүү фермерлер жана жеке ишкерлер катышып, эт-сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди жана башка айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына жеткиликтүү баада сатышууда.
Иш-чаранын негизги максаты — калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү.
Бул иш-чаранын маанилүүлүгү Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясат менен да үндөшөт. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгы өлкөдө органикалык айыл чарбанын маанисин жогорулатууга, экологиялык жактан таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүүнү колдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү — жердин асылдуулугун сактоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу, сапаттуу азык-түлүк өндүрүү жана ата мекендик фермерлердин эмгегин колдоо үчүн маанилүү. Ушундай жарманкелер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын калкка кеңири таанытууга жана керектөөчү менен фермердин түз байланышын бекемдөөгө шарт түзөт.