02 май 2026
Кароолор: 20
2026-жылдын 2-майында район акими Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында сел кырсыгы боюнча жеринде ыкчам штаб өткөрүлдү.

2026-жылдын 2-майында район акими Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында сел кырсыгы боюнча жеринде ыкчам штаб өткөрүлдү. Тиешелүү мекемелерге жана Жарандык коргонуу кызматтарына конкреттүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле Б.Баяке уулу селден жабыркаган үйлөрдү кыдырып чыгып, тургундардын абалы менен жеринде таанышып, алардын муктаждыктарын укту. Жабыркагандарга зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча кошумча чаралар белгиленди.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.