22 август 2026

Кароолор: 8

2026-жылдын 22-августунда Кадамжай районунун аймагында айлана чөйрөнү санитардык жактан тазалоо максатында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликтин жүрүшүндө район аймагындагы мекеме-ишканалардын айланалары, көчөлөр жана негизги унаа жолдорунун жээктери тазаланып санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Ишембилике район аймагындагы мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматерлери, айыл аймактарда түзүлгөн муниципалдык ишкана кызматкерлери активдүү катышып, райондун тазалыгын сактоого, иретке келтирүүдө өз салымдарын кошушту.

Урматтуу Кадамжай районунун тургундары! 🌿

Баарыңыздарды районубуздун тазалыгын сактоого жана ага өз салымыңызды кошууга чакырабыз!

🗑️ Таштандыларды атайын таштанды урналарына таштайлы.

🌱 Жаратылышка аяр мамиле кылып, айлана-чөйрөбүздү таза сактайлы.

Тазалык — ар бирибизден башталат! Таза район — ден соолукка жана жакшы жашоого өбөлгө түзөт. 💚