25 апрель 2026
Кароолор: 4
2026-жылдын 25-апрелинде Кадамжай районунун аймагында жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке район аймагындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
Иш-чаранын алкагында аймактарды тазалоо, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Катышуучулар көчөлөрдү, коомдук жайларды ирээтке келтиришти.
Мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү таза сактоого, жашоо шарттарын жакшыртууга жана тургундардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.