25 сентябрь 2026

Кароолор: 6

2026-жылдын 25-сентябрында Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №76 ӨККБдө окуучулар үчүн ачык эшик күнү өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы №225-т буйругуна ылайык, 5-октябрь — Кыргыз Республикасында Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата уюштурулуп, жаштарды өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталды.

Иш-чарага Үч-Коргон айыл аймагындагы А. Навои жана Дружба орто мектептеринин, Орозбеков айыл аймагындагы Э. Шакиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин жана Кадамжай шаарындагы райондук жалпы билим берүү жатак мектебинин окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучуларга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өрт коопсуздугун сактоо жана кырсык учурунда туура аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле окуучулар куткаруучулардын ишмердүүлүгү, атайын техникалары жана жабдуулары менен жакындан тааныштырылды.