27 август 2026

Кароолор: 8

2026-жылдын 27-августунда Кадамжай районунун аймагындагы социалдык объектилерде Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өрт кырсыктарынын алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Иш-чаранын жүрүшүндө район аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жана бала бакчалардын жетекчилерине, кызматкерлерине, ошондой эле башка социалдык объектилердин жооптуу кызматкерлерине өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоо, электр жабдууларын туура пайдалануу, жылытуу системаларынын абалын көзөмөлдөө жана өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү эрежелерди сактоо зарылдыгы түшүндүрүлдү.

Мындан тышкары, балдардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, өрт чыккан учурда өз убагында эвакуациялоо тартибин билүү жана өрт өчүрүүчү каражаттарды туура колдонуу боюнча маалыматтар берилди.

Кадамжай райондук ӨКБсы жарандарды, жалпы билим берүү мекемелеринин, бала бакчалардын жана башка социалдык объектилердин кызматкерлерин өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого, коопсуздук чараларына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.