03 август 2026
Кароолор: 9
2026-жылдын 3-августунда сууга чөгүү учурларынын алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана жаңы 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүү маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү

Жыйын Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги астында өттү.
Жыйынга райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук маданият бөлүмүнүн, райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө жайкы эс алуу мезгилинде жарандардын, айрыкча жаш балдардын коопсуздугун камсыздоо, сууга чөгүү фактыларынын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, бул багыттагы профилактикалык иш-чараларды күчөтүү жана жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдык деңгээли каралды.
Каралган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына конкреттүү тапшырмалар берилип, алардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын камсыздоо милдеттендирилди.