05 февраль 2026

Кароолор: 4

2026-жылдын 5-февралында Кадамжай шаарында айыл чарба жарманкеси болуп өттү.

Жарманкеге жергиликтүү фермерлер жана жеке ишкерлер катышып, эт-сүт азыктары, жашылча-жемиштер жана башка айыл чарба продукциялары шаар тургундарына жеткиликтүү баада сунушталды.

Иш-чара калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталды.

Мындай жарманкелер айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.