05 июнь 2026
Кароолор: 8
2026-жылдын 5-июнь күнү Кадамжай жана Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун медицина кызматкерлери Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барып, саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашуу иш-чарасына катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө медицина кызматкерлери кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, ишти натыйжалуу уюштуруу жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамды жакшыртуу боюнча өз ара тажрыйба бөлүшүштү.
Жолугушууда адистер кесиптик пикир алмашып, саламаттык сактоо мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу катышып, мындай жолугушуулар саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле дарыгерлерди элге сылык мамиле кылууга, бейтаптарга өзгөчө көңүл буруп, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө чакырды.
Мындай тажрыйба алмашуулар медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.