06 февраль 2026
Кароолор: 5
2026-жылдын 6-февралында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү

2026-жылдын 6-февралында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаковдун жетекчилиги алдында Кадамжай районунун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча көчмө жыйын өткөрүлүп, жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Тагаева,
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары М.Айтматов, райондук координациялык кеңешменин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, социалдык адистер жана айыл башчылар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө район аймагында 2025-жыл ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, көрүлгөн чаралар жана жетишкен натыйжалар тууралуу маалыматтар угулду. Ошондой эле 2026-жылга карата аткарыла турган иш-план жана тиешелүү тапшырмалар талкууланды.