07 июль 2026
Кароолор: 12
2026-жылдын 7-июлунда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен Өндүрүш, Кудук, Орозбеков айылдарында Охна сел агуучу сайы аркылуу сел суулары келген.

Селдин кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдын андан ары күчөп кетишине жол бербөө максатында райондук Жарандык коргонуу кызматтары жеринде ыкчам иш алып барууда.
Калыбына келтирүү иштерине тиешелүү атайын техникалар тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө