07 май 2026
Кароолор: 17
2026-жылдын 7-майында Кадамжай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алынды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Токсонбаев Бактыбек Токсонбаевич жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Баяке уулу Болоткан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жалпы 11 ардагерден кабар алышып, Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттукташты.
Ардагерлерге терең ыраазычылык айтып, бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалашты.