26 июнь 2026

Кароолор: 12

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча райондун социалдык-экономикалык тармагындагы кемчиликтерди жоюу маселеси каралды

Бүгүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын (алты айлыгынын) жыйынтыгын чыгарууга арналган кеңешме өткөрүлдү. Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү кызмат адамдары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө 2026-жылдын алты айындагы райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, республикалык жана жергиликтүү салыктардын пландык тапшырмаларынын аткарылышы, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, ошондой эле негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн учурдагы абалы кеңири талкууланды.

Мындан сырткары, тармактар боюнча аткарылган иштерге талдоо жүргүзүлүп, орун алган кемчиликтер жана көйгөйлөр белгиленди. Аларды өз убагында жоюу, көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, мамлекеттик программалардын аткарылышын камсыз кылуу жана райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мындан ары жандандыруу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жыйындын соңунда аким бардык жооптуу жетекчилерге жүктөлгөн милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана ар бир багыт боюнча белгиленген көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча талаптарды койду.