16 апрель 2026

Кароолор: 2

2026-жылдын май айында Кадамжай районунда өткөрүлө турган туризмди өнүктүрүү жана «Кыялымдагы Кыргызстан» иш-чараларын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Рахимов Мамыржан Тойчиевич Бишкек шаарындагы Жаштар кыймылынын төрагасы Бекназаров Жакшылык Бекназарович жана кыймылдын төрагасы Шайкидинов Аскар Токторбековичти кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2026-жылдын май айында Кадамжай районунда өткөрүлө турган туризмди өнүктүрүү жана «Кыялымдагы Кыргызстан» иш-чараларын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ыйгарым укуктуу өкүл жаштарды жылуу кабыл алып, кызматташууга жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле кыймылдын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Болоткан Баяке уулу менен жолугушуп, алдыда өткөрүлө турган иш-чаралар боюнча кеңири талкуу жүргүзүштү. Жолугушууда иш-чаралардын планы жана максаттары боюнча пикир алмашуу болду.

Жыйынтыгында Кадамжай районунда өткөрүлө турган туризмди өнүктүрүү, «Кыялымдагы Кыргызстан» жана башка бир катар иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу негизги максаттардын бири экендиги баса белгиленди.