03 июль 2026
Кароолор: 12
2026-жылдын май айында Кадамжай районунун аймагындагы эл менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди жана жарандардын арыз-даттанууларын жеринде карап чыгуу, иликтөө жана чечүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

Ак-Турпак айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын май айында Кадамжай районунун аймагындагы эл менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелерди жана жарандардын арыз-даттанууларын жеринде карап чыгуу, иликтөө жана чечүү боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы жана тиешелүү кызматкерлер катышты.
Жыйындын алкагында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б. Баяке уулу жарандарды жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн жана сунуш-пикирлерин угуп, кабыл алууда көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине мыйзам чегинде чечүү жана аткарууну камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.