22 июнь 2024

Кароолор: 132

23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү

   23-июнь – Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү.

 23-июнь Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы. Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Болоткан Баяке уулу райондун аймагындагы жалпы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Райондун жетекчиси өз  сөзүндө : “Ар бир кызматкердин ишинин сапаты жогору болсо районду өнүктүрүүгө, адамдардын турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыра алабыз. Ошондуктан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө ар бирибиздин жоопкерчилигибиз чоң. Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, сиздерге жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө чың ден-соолук, бакубатчылык жана ийгилик каалайм! 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгү жеңил эмес жана туруктуулукту жана берилип иштөөнү талап кылат. Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү милдетин чечүүдө мамлекеттик кызматтын маанилүү ролу талашсыз. Сиздердин талыкпас жана кажыбас эмгегиңиздер өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгүнүн негиздерин олуттуу түрдө чыңдап, аны өнүктүрүүгө салым кошот.

 

Өз өмүрүңүздөрдү мамлекетке кызмат кылууга арноо менен сиздер аны адамдарга кызмат кылууга жумшоодосуздар. Өлкөдө жүрүп жаткан прогрессивдүү саясый жана экономикалык өзгөрүүлөр учурунда сиздерге алдыга коюлган интеграциялык пландарды жана программаларды ишке ашыруу боюнча чоң жоопкерчилик артылат. Мамлекеттик кызматкердин эмгеги калк үчүн жоопкерчиликтүү жана жемиштүү иштин, ошондой эле тартиптин жана жогорку кесипкөйлүктүн үлгүсү катары саналат. Сиздер бул ардактуу жана жоопкерчиликтүү ишти татыктуу аткарып жаткандыгыңыздар кубандырат. Дагы  бир ирет Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү менен куттуктайм!»