23 сентябрь 2024
Кароолор: 67
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгын өткөрүү жана коомдук чөйрөдө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, кыргыз элинин каада-салттарын, рухий дөөлөттөрүн, маданий-тарыхый мурастарын кеңири даңазалоо максатында, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-сентябрында №01-15/339-б буйругу кабыл алынып, 20-сентябрдан 20-декабрга чейин ҮЧ АЙЛЫК жарыяланды.
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата түзүлгөн иш-чаралар планына негиз район аймагындагы улуттук мектептер арасында Үч-Коргон маданият үйүндө “Улуттук нарк-ар бир элге тиешелүү руханий өзөк” фестивалын уюштурулуп өткөрүлүп, аталган иш-чарага аким Баяке уулу Болоткан катышты