11 август 2023

Кароолор: 130

3 000 000 000 сомдук «Алгакадам» долбоору: Туннелдерди бургулоо иши уланып, 250 метр аралык казылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда «Алгакадам» долбоорунун алкагында туннелдерди бургулоо иштери уланууда. Куруучулар ушул күнгө чейин 250 метр аралыкты бургулашты.

«Алгакадам» коомдук бирикмесинин төрагасы Асанбай Пазыловдун айтымында, бургулоо иштери ушул жылдын июнь айында башталып, учурда №1 туннель 80 метр, №2 туннель 90 метр, №3 туннель дагы 80 метр казылган.

Ал белгилегендей, март айында президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашырууга 50 млн сом бөлүп, ага чоң техникалар сатып алынган.

«Ошол техникалар менен июнь айында туннель казууну баштап, бүгүнкү күндө 250 метр каздык. Буга чейин туннелдерди казуучу шаймандарды сатып алууда, жумуш аткаруучу техникалардын кызмат акыларын берүүдө, шахтерлордун маяналарын төлөөдө карызга батып калган элек. Президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бизге ыкчам түрдө дагы 100 млн сом акча каражатын бөлүп беришти. Баткен өнүктүрүү фондунан каражат бөлдүрүү абдан оор болду. Долбоорду каржылоо ушул жылга каралбаса дагы кошумча булактардан каржылап беришти. 24-июлда токтом чыккан болсо, 31-июлда шахтерлордун айлыгын бердик. Учурда эки нөөмөт менен (күнү-түнү менен) казуу иштери жүрүп жатат»,- дейт ал.