01 март 2025
Кароолор: 50
"Дүйнөнү тазарталы!" деген ураан астында бүгүн Кадамжай районунда массалык ишембилик өтүүдө.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планынын алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, район тургундары, уюмдар, билим берүү тармагынын, мекеме-ишканалардын кызматкерлери ж.б. активдүү катышты.
Ишембиликте Кадамжай районунун аймагы акыр-чикирден тазаланды, арча көчөттөрү отургузулуп, актоо сырдоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу иштер жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты – экологиялык тазалыкты сактоо, жашоо чөйрөсүн жакшыртуу жана коомчулукту айлана-чөйрөгө кам көрүүгө үндөө. Ишембилик мындан ары да үзгүлтүксүз улантылып, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу багытында иштер жасала бермекчи.