15 май 2025

Кароолор: 21

"Кайрылман" — өзгөчө макам, мекенге жол

2025-жылдын 15-майында Кадамжай районунда Тажикстан жана Өзбекстан Республикасынан келген үч этникалык кыргызга “кайрылман” статусу ыйгарылды.

Кайрылман күбөлүктөрүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан тапшырды.

Бул макам Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-ноябрындагы №175 Мыйзамы жана Өкмөттүн 2015-жылдын 23-июнундагы №402 токтомуна ылайык берилди.

Кайрылман күбөлүгү этникалык кыргыздарга жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн ачат жана мамлекет тарабынан берилген расмий кепилдик болуп саналат.