23 июль 2026
Кароолор: 4
"Кайрылман" — өзгөчө макам, мекенге жол

2026-жылдын 23-июлунда Кадамжай районунда Өзбек Республикасынан жана Тажик Республикасынан келген эки этникалык кыргызга “кайрылман” статусу ыйгарылды.
Кайрылман күбөлүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары тапшырды.
Бул макам Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 26-ноябрындагы №175 “”Мыйзамы жана Өкмөттүн 2015-жылдын 23-июнундагы №402 “Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”токтомуна ылайык берилди.
Кайрылман күбөлүгү этникалык кыргыздарга жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн ачат жана мамлекет тарабынан берилген расмий кепилдик болуп саналат.