18 июнь 2025
Кароолор: 27
"Миң-Чынар" жана "Рональдо" асыл тукум фермердик чарбаларында дан өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо боюнча "Дан-2025" аттуу семинар болуп өттү.

2025-жылдын 18-июнь күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан "Миң-Чынар" жана "Рональдо" асыл тукум фермердик чарбаларында дан өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо боюнча "Дан-2025" аттуу семинар болуп өттү.
Семинардын негизги максаты — дан өсүмдүктөрүн жыйноо процессиндеги жаңы ыкмаларды тааныштыруу, асыл тукум айыл чарбаларынын иш тажрыйбасын жайылтуу жана агрардык сектордогу кызматташтыкты чыңдоо болду.
Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө башкармалыгынын башчысы А.Сыдыков, райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошов, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Макканбаев жана "Миң-Чынар" менен "Рональдо" фермердик чарбаларынын жетекчилери катышышты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга дан эгиндерин жыйноодогу заманбап технологиялар, асыл тукум үрөндөрдү өстүрүүдөгү тажрыйбалар жана айыл чарба тармагындагы инновациялык ыкмалар боюнча маалымат берилди.
Иш-чара ийгиликтүү өтүп, катышуучулар арасында тажрыйба алмашуу жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикирлер айтылды.