22 февраль 2025

Кароолор: 45

"Тазалык – бул маданияттын күзгүсү!"

"Тазалык – бул маданияттын күзгүсү!" деген ураан алдында бүгүн Кадамжай районунда ишембилик өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планынын алкагында уюштурулуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекеме-ишканалар активдүү катышты.

Ишембиликте район аймагы тазаланып, бак-дарактарды санитардык кыркуу иштер аткарылды.

Бул иш-чаранын негизги максаты – экологиялык тазалыкты сактоо, жашоо чөйрөсүн жакшыртуу жана коомчулукту айлана-чөйрөгө кам көрүүгө үндөө. Ишембилик мындан ары да үзгүлтүксүз улантылып, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу багытында иштер жасала бермекчи.