26 апрель 2025

Кароолор: 17

"Тазалык –сенден жана менден башталат!" деген ураан алдында бүгүн Кадамжай районунда масштабдуу ишембилик өтүп жатат.

 

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планынын алкагында уюштурулуп, тургундар жана мекемелер активдүү катышууда.

Ишембиликке район аймагындагы бардык мекеме-ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жашоочулар активдүү катышып, тазалык жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Коомдук жайлар, жол жээктери, эс алуу бактары жана башка маанилүү аймактар тазаланып, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча иштер аткарылды.

Бул иш-чаранын негизги максаты – экологиялык тазалыкты сактоо, жашоо чөйрөсүн жакшыртуу жана коомчулукту айлана-чөйрөгө кам көрүүгө үндөө. Ишембилик мындан ары да үзгүлтүксүз улантылып, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу багытында иштер жасала бермекчи