23 сентябрь 2024

Кароолор: 115

"Урматтуу Кадамжай районунун тургундары!

Сиздерди 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Эгемен Кыргыз Республикасынын башкы байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карыткан улуу тил. Ааламда теңдеши жок, океандай чалкыган "Манас" дастанын жараткан тил. Кезинде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: "Кыргыз тили мен үчүн Мекен, эне, киндик кан тамган жер сыяктуу эле ыйыктын ыйыгы. Мен бу турмушта кайсы бир бийиктикке чыга алдым десем, аны эне тилимдин улуу духунан көрөм…", - деп бекеринен айтпаган чыгар. Демек планетардык жазуучунун атак-даңкын ааламга тараткан тил.

Мамлекеттик тилибиз - кыргыз тили Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башкы белгилеринин бири, кыргыз улутун улут кылып турган эң негизги касиети болуп саналат. Андыктан, тил саясаты мамлекеттик саясаттын ажырагыс, эң маанилүү бөлүгү болушу шарт. Ушул өңүттөн алып караганда мамлекеттик тилибиздин чыныгы мамлекеттик мартабасына ээ болуусуна ар бирибиз салым кошуп, сапарлаш болуубуз зарыл!

Дагы бир жолу мамлекеттик тил күнүңүздөр кут болсун.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу