30 апрель 2026
Кароолор: 3
"ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ-2026"

Бүгүн, 2026-жылдын 30-апрель күнү Кадамжай шаарындагы Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө “Жылдын мыкты мугалими-2026” кароо сынак жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлүүдө. аймагындагы 85 жалпы билим берүү мекемелеринен тандалып алынган, 16 предметтен 27 мектептин алдыңкы 32 мугалимдери катышып жатат.
Билим берүү тармагындагы алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу, мыкты мугалимдерди аныктоо жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу максатында салттуу түрдө уюштурулуп келген "Жыл мугалими" кароо-сынагы билим берүү системасындагы атаандаштыкты күчөтүүгө, жаңыланууга жана кесиптик өнүгүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.
Катышуучуларга ийгилик каалайбыз!