18 июнь 2026

Кароолор: 8

А. Акматовдун жетекчилиги алдында Кадамжай шаарына караштуу Кара-Жантак айылынын тургундары менен элдик жолугушуу өткөрүлдү.

Бүгүн Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Акматовдун жетекчилиги алдында Кадамжай шаарына караштуу Кара-Жантак айылынын тургундары менен элдик жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундарын түйшөлткөн актуалдуу маселелер талкууланып, өзгөчө жер тилкелерине мамлекеттик актыларды берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жана мамлекеттик актыларды берүү иштерин ыкчамдатуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар жүктөлдү.