30 сентябрь 2026

Кароолор: 5

А. Масалиев айыл аймагынын Разъезд айылынын тургундарынан келип түшкөн арыздар жеринен каралды.

2026-жылдын 30-сентябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясына «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу А. Масалиев айыл аймагынын Разъезд айылынын тургундарынан келип түшкөн арыздар жеринен каралды.

Арызды кароо үчүн Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулунун жетекчилигинде комиссия мүчөлөрү маселелер менен жеринен таанышып, анын келип чыгуу себептери такталып, жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн маселелер мамлекеттик тиешелүү органдар тарабынан мыйзам чегинде каралып жаткандыгы жана кароонун жыйынтыгы чыккандан кийин маалыматтар жеткирилери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.