02 июль 2026
Кароолор: 5
Адам өмүрүн сактоого арналган ак эмгек бааланды

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү салтанаттуу белгиленип, саламаттык сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип жаткан медицина кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кадамжай, Айдаркен жана Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, ошондой эле гемодиализ борборлорунун дарыгерлери, медайымдары жана башка адистери катышышты.
Салтанаттын жүрүшүндө өз кесибине берилгендиги, калктын саламаттыгын сактоого кошкон салымы жана ак ниет эмгеги үчүн бир катар медицина кызматкерлерине райондук мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чарада медицина кызматкерлеринин түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жана адам өмүрүн сактоодогу өзгөчө эмгеги белгиленип, аларга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, кесиптик ийгиликтер жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик кааланды.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин коноктор үчүн кофе-брейк уюштурулуп, кесиптештер жылуу маанайда баарлашып, майрамдык күндү биргеликте белгилешти.
Ак халатчан адамдардын адам өмүрүн сактоого, коомдун саламаттыгын чыңдоого кошуп жаткан эмгеги ар дайым жогору бааланат. Бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, алардын жооптуу ишине ийгиликтерди каалайбыз!