26 февраль 2025
Кароолор: 40
адамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жыйын өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.:
1. Райондун аймагында 2025-жылдын жазгы талаа иштерине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө.
2. Чарбалар аралык каналдарды, ички чарбалык каналдарды жана арыктарды тазалоо, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү жөнүндө.
3. Айыл чарба техникаларын жазгы талаа жумуштарына даярдыктарды көрүү жана күйүүчү майлар менен камсыздоо жөнүндө.
4. Сел кесепеттерин алдын алуу жана сел суулары өтүүчү кооптуу жайларды иретке келтирүү жөнүндө.
5. 1-2-март ишембилик өткөрүү менен айлана чөйрөнү жашылдандыруу жөнүндө.
6. 8-март эл аралык аялдар күнүн белгилөө жөнүндө.
7. Ар түрдүү маселелер.